Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 05.07.2019 13:32

Чычкан суусуна кулаган унаадагы классташ жигиттердин биринин денеси табылды (сүрөт)

Turmush -  Чычкан суусуна түшүп кеткен классташ жигиттерди издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, 2-июль күнү ӨКМдин Токтогул райондук бөлүмүнө Чычкан суусунда жансыз адамдын денеси жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган 5 кызматкер аны алып чыгышып, милицияга тапшырып беришкен. Ал эми унаанын Чычкан суусуна кулагандыгын көргөндөр болгон эмес.

«Суудан денеси табылган жигиттин жанында дагы 2 классташы болгонун айтып, туугандары 4-июлда кайрылышты. Кечээтен бери издөө иши жүрүүдө. 41 куткаруучу, ИИМдин 20 кызматкери, туугандарынан 16 адам чыкты. Унаа сууга кулаган Ош—Бишкек жолунун 270-чакырымынан бери суу сактагычты көздөй издеп келе жатышат», - деп билдиришти мекемеден.

Маалым болгондой, классташтар 2-июль күнү Бишкек шаарынан Аксы районун көздөй «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен келе жатышкан.

Буга чейин аксылык 22 жаштагы классташ жигиттер жаңы сатып алган жеңил автоунаа менен бара жатып, Чычкан суусуна түшүп кетишкени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×