Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.07.2019 18:49

Жалал-абаддык жигит шаар башчысынын ур-токмогуна кабылганбы? Мэриянын жообу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Мавлян уулу Сыдык аттуу тургун мэр Мураталы Тагаевдин ур-токмогуна кабылганы айтылып, милиция кызматкерлери териштирүү ишин баштады.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 2-июлунан 3-июлуна караган түнү Тагаевдерге таандык болгон мончодо пикир келишпестик орун алып, анын кесепетинен Мавлян Сыдык уулу ооруканага кайрылган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, аталган жаран арыз жазган эмес.

«Дарыгердин маалыматынын негизинде окуя Жазык кодексинин ээнбаштык беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Медициналык жардамга муктаж болгон жаран Мураталы Тагаев аттуу адамдын токмогуна кабылганын айткан. Ал чын эле мэрби же башка адамбы? Бул боюнча териштирүү иши жүрүп жатат», - деп билдирди ал.

Ысымы аталып жаткан Мавлян Сыдык уулунун апасы баласынын мурду сынганын жана жабырлануучу милицияга кайрылбаганын айтты.

«Мен ооруканага баргыча чыгып кетиптир. «Апа, бул эркектердин иши» деп койгон. Милицияга айткан да, кайрылган да эмес. Окуя боюнча иш жүрүп жатат деп уктук», - деди ал.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы маалымат борборунун жетекчиси Азамат Жээнбековдун айтымында, мэрге карата айтылып жаткандар чындыкка дал келбейт.

«Мен тактадым, андагы талаш-тартышка биздин мэрдин эч кандай катыштыгы жок. Мэрдин туугандарына таандык мончо болгону үчүн ысымы аталып калышы мүмкүн. Үчүнчү тараптардын кызыкчылыгы болуп жатат», - деп билдирди А.Жээнбеков.

Мураталы Тагаев былтыркы жылдын июнь айынан бери калаа башчысы болуп иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×