Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.07.2019 09:41 На русском

Сот Аркыт Нусубалиевди Кара-Көл ШИИБдин башчысы кызматына кайтарды

Turmush -  Аркыт Нусубалиев кайрадан Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 3-июлда А.Нусубалиев Кара-Көл ШИИБдин өздүк курамына ОИИБдин жетекчилиги тарабынан тааныштырылды.

А.Нусубалиев Жогорку соттун чечимине ылайык мурдагы кызматына ушул жылдын 1-июлунда дайындалган.

Буга чейин маалымдалгандай, А.Нусубалиев 2018-жылдын 7-мартында Кара-Көл ШИИБдин жетекчиси болуп дайындалып, кайра 30-мартта ИИМдин башчысынын чечими менен кызматынан бошотулган болчу. А.Нусубалиев аны кызматтан алуу чечими туура эмес болгонун айтып, сотко кайрылган.

Жогорку сот аны кайра кызматына кайтаруу чечимин кабыл алган.

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×