Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.07.2019 18:59 На русском

Кара-Көлдө жүк ташуучу унаа тайгаланып, бакты сүзүп токтоду

Turmush -  Бүгүн, 3-июль күнү Бишкек—Ош унаа жолунун 391-чакырымында жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жол кырсык Кара-Көл шаарында таңкы саат 5:00 чамасында болгон. Кырсыкка кабылган айдоочунун айтымында, алар «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Бишкек шаарынан Ош облусуна карай курулуш материалдарын жүктөп бара жатышкан. Бирок катуу жааган жамгырдын кесепетинен унаанын дөңгөлөктөрү тайгаланып, айдоочу рулду башкара албай калган. Алгач жолдун жээгиндеги тосмону, андан соң Ленин көчөсүнүн жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Айдоочу жаракат алган эмес.

Жүк ташуучу унаанын ээси рулду анын уулу башкарып бара жатканын айткан. Ата-бала Аксы районунун Сары-Челек айылынын тургундары экени белгилүү болду.

Учурда жүк ташуучу унаанын ээлери курулуш материалдарын башка унаага жүктөп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×