Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.07.2019 15:08

Кара-Көлдөгү «Кайыңды» лагеринде быйыл 700 бала эс алат

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы «Кайыңды» жайкы эс алуу лагеринде быйыл 700 бала эс алат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Гүлмира Сатарова билдирди.

Анын айтымында, лагерге 2-июлда 195 бала жөнөп кетти. Быйыл 4 топ менен жалпы 700дөй бала эс алат.

«Балдардын эс алуусун көңүлдүү өткөрүү жана аларга тиешелүү шарттарды түзүү максатында буга чейин лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, сырдап, актаганбыз. «Кайыңды» лагери быйыл 17-августка чейин иштейт. Ал 2018-жылы шаардын балансына өткөрүлгөн», - деди вице-мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×