Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.07.2019 22:00 На русском

Айыл турмушу: Чет өлкөдөн өзгөчө торт жасаганды үйрөнгөн Айсулуу Чойбекованын кичи бизнеси (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 27 жаштагы тургуну Айсулуу Чойбекова торт жасаганды Россиядан үйрөнгөн. Учурда Жалал-Абад шаарында торт жасоо боюнча атайын курстарды дагы ачкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал дос кызынын туулган күнүнө торт жасап баргандан кийин ага буйрутмалар түшө баштаган.

«Өзүмдүн торт жасоого шыгым бар болчу. Окуучу кезимде кондитердик курска барып, таттууларды жасаганды үйрөнүп жүргөм. Бала кезимден эле ашканада тамак-аш жасаганга кызыкчумун. Мектепти аяктагандан кийин эле турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз мигрант болуп Россияга кеттик. Ал жактан балалуу болуп, үйдө отуруп калдым. Бир күнү баламдын туулган күнүнө торт жасап бердим. Аябай сонун болуптур. Баары мактап жешти, өзүмө да жакты. Көп өтпөй дос кызымдын туулган күнүнө торт жасап бардым. Ал конокторго да жагып, ошол жерден эле буйрутмаларды бере башташты. Ошентип торттун жасалышын интернеттен көрүп, кардарымдын табитине жага тургандай кылып жасап баштадым», - дейт Айсулуу айым.

Ал өзгөчө тортторду жасаганды 3 жыл мурда Россиядан курстарга барып жүрүп үйрөнгөн.

«Даамдуу тортторду жасоо үчүн Россиядан көптөгөн мастер-класстарга катышкам. Ал жерден билбеген көп нерселерди үйрөндүм. Азыр Жалал-Абад шаарындамын. Жакында эле торт жасоого кызыккандар, кондитердик дүкөн иштеткен ишкерлер үчүн мастер-класс өткөрдүм. Россияда жүргөндө тортторду үйдөн эле жасап жүрдүм. Учурда Россияда да кардарларым көбөйүп баратат десем болот», - деди кондитер.

Учурда Айсулуу айым таттууларды жасап, өзүнө жетиштүү киреше таап жатат.

«Бул менин чакан бизнесим. Биздин үй-бүлөдө кирешени жолдошум көп табат. Бирок менин тапкан акчам үйгө керектүү буюм-тайым алганга жетет. Андан сырткары балдарымдын окуусуна, кийим-кечесине да ашырам. 10 күндүн аралыгында Россияга кайра барып, мастер-класстарга катышып келем. Буюрса келечекте Бишкек шаарына барып, өзүмдүн жеке кондитердик ашканамды, дүкөнүмдү ачсам дейм», - дейт Айсулуу Чойбекова.

Ал 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×