Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.07.2019 11:38

Кара-Көлдө «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын имаратынан өрт чыкты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын №4 курулуш аянтчасынан өрт чыкты. Бул маалыматты мекеменин башкы директору Нурмамбет Жекшеев жана башкы инженер Акмат Өмүрзаков тастыктады.

Алардын билдирүүсүнө караганда, объект бокс тибинде курулган. Камбар-Ата ГЭС 2 имаратынын аймагында жайгашкан. Узундугу 90, туурасы 12 метр болсо, жалпы 1080 чарчы метрди түзөт.

«Өрт 1-июль күнү саат 05:00 чамасында чыккан. Ага катуу шамал болуп, электр чубалгысынын чукул туташуусу себеп болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Имаратты 2007-2008-жылдан баштап бузулган техникаларды оңдоочу жай кылып коюшкан. Ал жерде бир даана жүктөгүч, 2 компрессор, 2 станок, ширетүүчү аппараттар жана башка техникалар болгон. Учурда келтирилген материалдык чыгымды эсептөө үчүн ички комиссия түздүк. Адам өмүрүнө коркунуч келтирилген эмес. Ал жерде бир гана кароолчу иштейт», - деди Нарын ГЭСтин башкы инженери Акмат Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×