Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.07.2019 19:13

Кара-Көлдө 3 чакырым жол 14 млн сомго асфальтталып жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 3 чакырым жолду асфальттоо иштери башталды. Аталган маалыматты шаар мэри Ильяз Еркеев билдирди.

Маалым болгондой, жолду асфальттоого президенттин фондунан 14 миллион сом бөлүнгөн. Асфальттоо иши 29-июнда башталып, аны №30 жол тейлөө ишканасы жүргүзүп жатат.

Курулуш иштери Бекташ көчөсүндөгү жаңы салынып бүткөн мечиттин жолунан 1 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Ошондой эле, Токтогул жана Ак-Кыя 1 көчөлөрүнүн 1 чакырымы асфальтталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×