Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 29.06.2019 16:41

Майлуу-Сууда улуттар аралык ынтымакты бекемдеген спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган ар түрдүү иш-чараларды өткөрүлүп келүүдө.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул ирет Майлуу-Суу ШИИБ тарабынан жаштарды сергек жашоого чакырган спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

«Майлуу-Суу ШИИБдин жетекчилиги ар улуттун өкүлдөрүнөн келип, оюнга катышып жаткан спортчуларга ийгилик каалап, аларды биримдикке, мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка чакырып өттү.

Оюндун соңунда жеңүүчү командага кубок, атайын диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Калган командаларга да ШИИБ тарабынан даярдалган белектер ыйгарылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×