Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 28.06.2019 12:05

Сузакта 11 айылды таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат

Turmush -  Сузак районунун 11 айылын таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондун Көк-Арт, Курманбек жана Багыш айыл аймагынын 11 айылын таза суу менен камсыздоо максатында «Сафаровка» долбоорун ишке ашыруу үчүн тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында «Күч» жоопкерчилиги чектелген коому 11 миллион сом утуп алган. Учурда башкы суу жыйноочу жайдын курулуш иштеринин 70%ы аяктады. Долбоор аягына чыкса, 11 айыл таза суу менен камсыз болот.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жетекчилер таанышып чыгышты. Мындан сырткары облус жетекчилери Көк-Арт дарыясынын жээктерин сел коркунучунан сактоо максатында кошумча бекемделип жаткан 100 метр дамбанын капсуласын салышты.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Таалайбек Долдоевдин айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча 142 айыл таза сууга муктаж. Ал эми Сузак району боюнча 44 айылда суу тартыштыгы бар. Бул көйгөйлөрдү өкмөттүн токтомуна ылайык 2023-жылга чейин чечүү пландалган.

Сузак районунун Багыш айыл аймагында 7 айыл бар. Анда 21 миңден ашуун калк жашайт. Бүгүнкү күндө 300дөн ашуун абонент таза сууга муктаж. Алар Октябрь 1 айылынын тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×