Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 27.06.2019 16:59

Сузактагы «Курманбек — кылымдар мурасы» аркасы 7,8 млн сомго оңдолууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы «Курманбек — кылымдар мурасы» деген аталыштагы арканы кайра калыбына келтирүү жумуштарынын 60%ы аткарылды. Бул тууралуу «Табан» ЖЧК курулуш компаниясынын өкүлү билдирди.

Маалыматка караганда, негизги жумуштары аяктап, эми сырдоо жана кафель төшөө жумуштары калган.

«Курманбек — кылымдар мурасы» аркасын реконструкциялоо үчүн 13 млн 215 сомго тендер жарыяланган. Ага 5 компания катышып, «Табан» ЖЧК курулуш компаниясы 7 млн 894 миң сом уткан. Ушул жылдын август айына карата жумуштар аяктап, пайдаланууга берүү пландалган.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен 27-июнда өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиев, райондун акими Э.Омошев, Ырыс айыл аймагынын башчысы Т.Халилов жана башка жетекчилер таанышып чыгышты.

Курулуш иштери Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Облустун жетекчиси жумушту мыйзам чегинде сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Аталган арка 2012-жылы Ырыс айыл аймагынын балансына өткөн. Андан кийин бир жолу реконструкциялоодон өткөрүлгөнүн айыл өкмөт башчысы Т.Халилов билдирди.