Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.06.2019 16:44

Жалал-Абад ОИИБдин «Келечек» эс алуу лагери балдарды кабыл ала баштады

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин «Келечек» балдардын эс алуу лагери жайкы эс алуучуларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан «Келечек» лагеринин ачылыш аземи 26-июнда өткөрүлгөн. Ачылыш аземге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов дагы катышып, жаш балдарга көңүлдүү эс алуу каалады.

Ал өз сөзүндө лагерде эс алып жаткан балдарга өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, алардын коопсуздугу камсыз кылынып, тамак-аштары өз убагында белгиленген өлчөмдө берилерин айтты. Ошондой эле ал балдарга белектерин ыйгарып, таттууларды тартуулады.

Лагерде ички иштер органдарында эмгектенген кызматкерлердин жана ардагерлердин 15 жашка чейинки өспүрүм балдар-кыздары жеңилдетилген төлөм менен эс алышат. Быйылкы жылы жайкы эс алуунун баасы 1000 сомду түзөт. Ал эми сырттан келип эс алууну каалагандар үчүн 3000 сом болуп бекитилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×