Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 27.06.2019 14:33

Токтогулдун Кара-Күнгөй айылында 6,5 млн сомго спорт зал курулду

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Кара-Күнгөй айылында заманбап спорт зал пайдаланууга берилди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге райондун акими Таалай Жайылов, ЖКнын депутаты Т.Шайназаров, райондук жетекчилер жана айыл аксакалдары катышты.

Маалым болгондой, спорт залга 1984-1991-жылдары Чолпон-Ата айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштеген ардагер мугалим Калчоро Кожобергеновдун ысымы ыйгарылды. Спорт зал Калчоро Кожобергеновдун уулу Н.Кожобергеновдун демилгеси менен курулган.

Ачылыш аземден кийин Калчоро Кожобергеновдун элесине арналып волейбол боюнча турнир болду. Байге фондун 50 миң сом түздү. Турнирге район боюнча 13 айылдан келген командалар катышкан.

Спорт залдын курулушуна жалпы 6,5 млн сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×