Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.06.2019 13:37 На русском

Кара-Көлдөгү жол кырсыктан унаанын ичиндеги 6 адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы жол кырсыктан 6 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 24-июнь күнү кечки саат 19:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 389-чакырымында 1995-жылы туулган М.С. «ВАЗ 2107» унаасын башкара албай, электр мамысын сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 6 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Жаракат алган жарандар:

- айдоочу М.С., хирургия бөлүмүнө жаткырылды;

- жүргүнчү — 1992-жылы туулган А.Э., хирургия бөлүмүнө жаткырылды;

- жүргүнчү — 1994-жылы туулган А.Э. жана анын 2015-жылы туулган уулу, хирургия бөлүмүнө жаткырылды;

- жүргүнчү — 2001-жылы туулган А.Т., алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү;

- жүргүнчү Б.Б., алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Аталган факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×