Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.06.2019 19:29 На русском

Жалал-Абаддын жетекчилиги Базар-Коргон жана Сузак райондорунда чагылган түшкөн үйлөрдөн кабар алды

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов бүгүн, 22-июнда чагылган түшкөн үйлөрдүн ээлеринен кабар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, Базар-Коргондун Көкчө-Көз айылындагы чагылган түшкөн үйдөгү адамдардын колдорун талкаланган шиферлердин сыныктары чийип кеткен. Бактыга жараша алар оор жаракат алышкан эмес.

«Шок абалда калышкан. Алардын абалдарын көрдүм, жакшы экен. 2-3 күндө үйлөрүнө чыгарылат. 9 үйдүн электр эсептегичинин жараксыз абалда келиши боюнча жумушчу топ иш алып барат.

Сузактагы чагылган түшкөн үйдөгү кыздын абалы дурус. Баарынан кабар алып келдик. Тийиштүү жумуштар жүрүүдө» - деди ал.

Бүгүн эртеү менен Базар-Коргондун Көкчө-Көз айылындагы чагылган түшүп, 6 адам ооруканага жеткирилген.

Андан кийин Сузак районуна караштуу Кызыл-Байрак айылындагы үйгө чагылган түшкөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×