Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.06.2019 18:57 На русском

Бүтүрүүчүлөр менен милиционерлердин мушташы: Баласын таппай жаткан эне окуянын жаңы жагдайларын айтып берди

Turmush -  Кара-Көл шаарында ур-токмокко алынган эки милиция кызматкерине байланыштуу окуянын жаңы жагдайлары белгилүү болду. Turmush басылмасына милиция кызматкерлери менен топ балдардын ортосунда чыккан жаңжалда тартылган видеонун үзүндүсү келип түштү.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Көл шаарында бүтүрүүчүлөрдүн катышуусундагы жаңжалдын кесепетинен эки милиция кызматкери сабалганын жазган.

Окуя 26-майга же 27-майга караган түнү З.Серый көчөсүндөгү эски мүрзөнүн аймагында болгон. Ал жерде эс алып жүргөн 10 жылдык бүтүрүүчүлөр менен жарандык формачан эки жарандын ортосунда өз ара кайым айтышуу болуп, мушташа кетишкен.

Анын кесепетинен жабыркаган эки адам оорукананын хирургия бөлүмүнө түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында алар милиция кызматкерлери экени белгилүү болуп, спирт ичимдигин ичишкени аныкталган.

Милиция кызматкерлеринин бири — 1991-жылы туулган Арсен [Д.А., аты өзгөртүлдү]. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган. Жаак тарабы тытылып, мурун сөөгү сынган.

Экинчи милиция кызматкери — 1994-жылы туулган Акмат [Ч. уулу А., аты өзгөртүлдү] болгон. Ал да баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган.

Кара-Көл шаарынын 48 жаштагы тургуну — мушташка катышкан балдардын бирөөсүнүн апасы Мира Эгембердиева мушташ жөнүндө айтып берди. Учурда уулунун кайда жүргөнү белгисиз.

М.Эгембердиеванын айтымында, окуя түнкү саат 2:30 чамасында болгон. Милиция кызматкерлери менен мушташкандардын ичинде уулунан тышкары анын аяш балдары дагы болгон.

Мира Эгембердиева: «Менин балам достору (орус улутундагы) менен эс алып жүргөн. Анан милиция кызматкерлери, алардын милиционер экенин ким билсин, кызматтык формасы жок эле келип калышат. Алар Чүйдөн келгенин айтышып, эс алып жаткан балдардын унааларын ачып, беттерине колчырак жандырышып, алар менен отурган бир кызга "биз жакка отур. Булар менен эмне үчүн жүрөсүң?" деп айтышкан. Ал кызды таанышат окшойт. Кызды алып кетип калышыптыр. Анан милиция кызматкерлери менен кеткен кыз "мени алып кеткиле" деп телефон чалган. Уулум достору менен кызды алып кетүү үчүн барыптыр.

Кыздан "жүрү, кетесиңби?" деп сурашканда милиция кызматкерлери менен мушташып кетишиптир. Милиция кызматкерлери атайын жиндерине тийишкен. Беттерине чапкылап, шылдыңдап, түрткүлөп жатса жиндери келет да. Баарынын эле эс алууга укугу бар. Мыйзам баарына бирдей. Анын үстүнө окуя түндө, иш убактысынан сырткары болуп жатат.

Мени облустук ички иштер башкармалыгына "тергөөчүлөр келди" деп чакырышкан. Бирок тергөөчүлөр эмес, жергиликтүү ШИИБдин кызматкерлери чакырышыптыр. Укук коргоо органдарында иштеген Кантемир деген тынчымды алып жатат. Мындан сырткары түнкү саат 22:30-23:00гө жакын бир кызматкер менен аймактык милиционер келди. Алар түндө келип тынчымды алгандыктан, абалымды түшүндүрүп, кан басымым көтөрүлүп жатканын айткам. Жүрөгүм ооруп, эмне кыларымды билбей калдым. "Жумушуңузга барабыз, кайсы жерде иштейсиз? Түшүнүк кат жазып бериңиз, сиз балаңызды жашырып жатасыз" дешти.

Балам 27-майдан бери дайыны жок. Кайсы жерде, эмне кылып жүргөнүн билбейм. Милиция кызматкерлери аяш балдарыма "Улук деген баланы алып келип бергиле. Баарыңарды чыгарабыз" деп айтышыптыр. Балам достору менен милиция кызматкерлерин сабаганбы же алар балдарымды урганбы, түшүнүксүз.

Баламдын телефону өчүк. Бишкекте иштечү. Кара-Көлгө эмгек өргүүгө чыгып, эс алганы келген. Жумуштан дагы кетиришти. Баламдын ден соолугунан, өмүрүнөн коркуп жатам. Балким ал коркуп, жүргөн жерин айтпай жатат. Баламдын досторунун паспортторун алып, унааларын камакка коюп коюшту. 2 милиция кызматкери менен дагы бирөө болгон. Анын унаасы видеодо көрүнүп турат. Эмне үчүн өздөрүнчө эс алып жаткан балдарга барып, иш убактысынан сырткары күбөлүгүн көрсөтүп, тийишишет?

Азыр ошол окуяга катышкан кыздар да жок. "Россияга кетти" деп тергөө иштерине катышпай жатышат».

26 жаштагы Ш.Валерий Turmush басылмасына билдиргендей, ал окуя болгон күнү өзүнүн унаасы менен алек болгон. Кечке маал тааныштары Вадим менен Михаил келип, шаарды айландырып келүүнү өтүнгөн. Алар менен чогуу башка жакка кете турган бир кыз болорун айтышкан.

«Алгач биз кызга барып, андан соң дүкөнгө кирдик. Ал жерден чыккандан кийин унаага май куюп, шаарды бийиктен көрүү үчүн панорамага бардык. Панорамадан 3 жигит жана эки кыз отурган ак түстөгү "Мерседес-Бенцти" көрдүк. Аларга жолтоо болбош үчүн 5 мүнөттөй тургандан кийин кетүүнү чечтик. Андан кийин шаардагы таштанды төгүүчү жай тараптагы дөңсөөгө барууну туура көрдүк. Панорамада эч кимге жолтоо болгон эмеспиз. Ал жерде биздин бар экенибиз билинген эмес. Себеби бардык тарап караңгы болуп, эч нерсе көрүнгөн эмес. Болжол менен саат 00:30–01:00 чамасы болчу. Миша (Михаил) дагы бир кыз менен телефон аркылуу сүйлөштү. Биз Школьная көчөсүнө барып, ал кызды алып кеттик. Саат 02:00 чамасында аталган жерге (дөңсөөгө) кайра келдик. Ал жерге жанагы "Мерседес" келип, бирок кайра бурулуп кетти. Болжол менен жарым сааттан кийин кайра келип, жогору жакка токтоду. Алгач бизге таанышуу үчүн эки кыз келди. Алар биздин кыздар менен сүйлөшүп, бир нерсени талкуулап, андан кийин кетип калышты. Андан соң биздин жаныбыздагы бир кыз аларга кетип калды», - деди ал.

Валерийдин айтымында, андан кийин Михаил үйгө кетүүнү суранган.

«Биз бурулуп, кетип жатканбыз. Алар ("Мерседестеги" жигиттер) жолду тороп, өткөрбөй коюшту. Михаил "Эмне болду? Нормальный бол" деди. "Мерседесте" отургандардын бирөөсү менин бетиме колчырак жандырып "чык бул жакка" деди. Эмне үчүн чыга турганымды сурадым. Миша (Михаил) "чыкпа" деди. Анан аларды айланып өтүүгө аракет кылдык, бирок алар өткөрүшкөн жок. Бир жигит бир кыз менен келип унаанын артына отуруп алышты. Алар биз менен бара тургандарын айтышты. Мен унааны айдап кетип калдым. Биз ал жигиттердин ким экенин билген эмеспиз. Кичине жүргөндөн кийин тааныш балдарга жолугуп калдык. "Мерседесте" отурган балдардын баары мас абалда болчу. Бир нече убакыт өткөндөн кийин биздин арабыздагы бир балага ошол жерде калып калган кыз чалып, алып кетүүнү суранды. Аны ал жакта калтыруу ыңгайсыз болду. Анткени ал башында биз менен жүргөн. Кайра артка келдик. Миша бирөө менен сүйлөшүп баштаганда, тиги жигит аны түрткүлөп, күбөлүгүн көрсөтүп баштады. Унаанын фаралары жанып тургандыктан мен баарын көрүп турдум. Ал күбөлүк менен Мишанын бетин чукуп, түртүп жиберди. Миша анын колуна чаап, экөө жакалаша кетишти. Биз менен жүргөн досубуз бизди ажырата баштады. Анан экинчи жигит келип, бир нерсе дей баштады. Күбөлүгүн көрсөткөн жигит досубузга бизге (Валерий жана Михаил) эмне үчүн болушуп жатканын сурады. Анан ошол жерден мушташып кеттик», - деди Валерий.

4-июнда Кара-Көл шаардык мэриясынын коллегиясы өтүп, анда эки милиция кызматкеринин сабалышы боюнча маселе талкууланган. Коллегиянын жүрүшүндө мэр И.Еркеев ШИИБдин башчысы Н.Иманбековго кайрылып, милиция кызматкерлерине эскертүү берүүнү өтүнгөн.

«Түнкү рейддер жүргүзүлгөндө милиция кызматкерлери формачан жүрүшү зарыл. Жакында эле эки кызматкериңиз жумуштан кийин формасы жок эле эс алып жаткан жарандар менен мушташа кетип, азыр ооруканада жатышат. Ушундай жагымсыз окуялар болбошу үчүн алар формачан жүрүшү керек. Эгерде жумуш убактысынан сырткары эс алышса, башка жарандарга тийишип, күбөлүгүн мыйзамсыз пайдаланбашы керек. Күнөө кызматкерлердин өзүндө болуп жатат. Бул боюнча тиешелүү чара көрүү зарыл. Аларды сабаган 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр дагы жоопко тартылышы керек. Бул боюнча биз прокурорго кайрылганбыз. Бул жаңжалдын видеосун дагы көрдүм. Анда кызматкерлер соо эмес экени, унаада бөтөлкөлөр жатканы көрүнүп турат. Алардын сабалганы боюнча маалымат тарап кетти. Ошондуктан басма сөз кызматыңар дагы туура маалымат бериши керек эле», - деген шаар башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×