Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Кербен 21.06.2019 13:02

Москвада бычакталып каза болгон аксылык жигиттин сөөгүн алып келе жатышат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  19-июнда Москвада бычакталып каза болгон аксылык жигиттин сөөгү бүгүн, 21-июнда Кыргызстанга алынып келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кербен шаарынын Беш-Коргон айылынын башчысы Эдил Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жигит 20 жашта болгон.

«Кербен шаарынын 20 жаштагы тургуну Н.М. Москвада бычакталып каза болуптур. Ал 4 бир туугандын үчүнчүсү. Учурда анын сөөгү мекенине алынып келүүдө. Окуянын чоо-жайын толук айта албайбыз. Сөөгү алынып келгенден кийин бардыгы ачыкталат. Азырынча толук маалымат жок. Маркумдун сөөгү 23-июнда жерге берилет деп жатышат», - деди ал.

Мурдараак маалым болгондой, 19-июнь күнү Москвада кыргызстандык адамдар бычакташып, анын бири — 20 жаштагы жигит каза болгондугу маалымдалган. Ал Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну экендиги айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×