Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.06.2019 10:57 На русском

Ооруканага оор абалда түшкөн жаш кыздын тууганы дарыгерди сабап, мурдун сындырган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына оор абалда түшкөн бейтапка жардам берип жаткан дарыгер сабалган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары аймактык кабарчыга билдиришти. Ошондой эле маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан дагы тастыкташты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 2-июнь күнү облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну жаш кыз түшкөн. Анын туугандары жандандыруу бөлүмүнө кирип, кызды көрүүгө аракет кылышкан жана жаш кыздын апасы анын абалын көрүп чыккан. Бирок ага карабай кыздын туугандары дагы жаш кызды көрүүнү талап кылышкан.

Бейтап кыздын агалары эшикти кечке такылдата беришкенде, оорукананын кызматкери эшикти ачкан. Ошол учурда жаш кызды дарылап жаткан дарыгерди кызуу абалда болгон эркек киши себепсиз чаап жиберген.

Ооруканада иштеген кызматкерлердин айтымында, дарыгердин мурду эки жеринен сынган жана башынан жаракат алган. Алар учурда аталган факт боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин юридикалык баа берилип, иш сотко жиберилет.

---------------------------------

Turmush басылмасы 1-июнда Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багындагы аттракциондордун биринен 14 жаштагы кыз кулап түшүп, ооруканага жеткирилгенин жазган.

Маалым болгондой, 2005-жылы туулган Ж.К. аттуу кыз апасы менен бирге майрам күнү паркка келген. Селкинчектердин бирине түшкөн өспүрүм кыз 7 метр бийиктен кулап кеткен. Жабыркаган кыз Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынын тургуну болгон.

Жалал-Абад облустук оорукананын жетекчиси Кумар Ботокараевдин айтымында, кыздын баш мээси чайкалып, оң билегинин сөөгү жабыркаган. Ошондой эле денесинин көптөгөн жерлери сыйрылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×