Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.06.2019 10:40

22-23-июнь күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Turmush -  Эртең, 22-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

23-июнда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

22-23-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×