Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусу, Кара-Балта 19.06.2019 20:34 На русском

Кара-Балтада эне-баланын денеси табылды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Бүгүн, 19-июнда Кара-Балта шаарынын жогору жагында дачалар жайгашкан аймакта 2 адамдын денеси табылды. Алар эне-бала болушкан. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Болжолдуу маалыматка караганда, каза болгон аял Кара-Балта шаарынын 1964-жылы туулган тургуну М.С. экени аныкталды. Анын уулу 1988-жылы туулган жана үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашачу.

Маалым болгондой, маркум аял жумуштан келгенден кийин уулу менен бирге дачалар жайгашкан аймакка барган. Ал базарда акча алмаштыруучу жайда иштечү. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×