Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.06.2019 17:14

Ноокендеги тиш дарылоо эмканасында өрт чыгып, буюмдар менен документтер жабыркады

Turmush -  Ноокенде тиш дарылоо эмканасында өрт чыгып, жабдуулар, документтер, эмеректер жабыркады.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өрт өчүрүү, анын алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы, подполковник Чынарбек Шекеновдун айтымында, 19-июнда саат 06:33 чамасында Ноокен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын Мурадян көчөсүндө жайгашкан №19 Ноокен райондук тиш дарылоо эмканасынын тиш дарылоо бөлүмүндө өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт болгон жерге район боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү автоунаасы жөнөтүлүп, өрт катталган объектиде электр тогун өчүрүү үчүн Ноокен электр тармактары ишканасынын бригадасы да чакырылган.

«Өрт өчүрүүгө тартылган каражаттардын жардамы менен саат 07:20да өрттүн башка жактарга таркоосуна бөгөт коюлуп, өрт толугу менен саат 08:05те өчүрүлүп бүткөн. Өрт кырсыгынан тиш дарылоо бөлүмүнүн имаратынын 64 чарчы метр аянты, эмеректер, жабдуулар жана документтер жабыркаган. Учурда өрт болгон жерде тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлүп, өрттүн себептери, келтирилген материалдык зыяндын көлөмү такталууда.

Жогорудагыдай өрт кырсыктарын болтурбоо максатында ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы облус аймагындагы мекемелердин жетекчилерине өз мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышын жана өрткө каршы тартиптин сакталышын камсыз кылууну эскертет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×