Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 19.06.2019 11:24

Аксыдагы дарыяга агып кеткен кыз Өзбекстандын аймагынан да изделип жатат

Turmush -  16-июнда Аксы районунун Нарын айылындагы Нарын дарыясына агып кеткен 13 жаштагы кыздын денеси табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштерине ӨКМден жалпы 17 куткаруучу тартылган. Анын ичинен 8 куткаруучу кайык менен Нарын дарыясы аркылуу Өзбекстандын аймагына чейин өтүп, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Бирок жыйынтык болгон жок. Учурда издөө иштери уланууда.

Окуя тууралуу:

17-июнь күнү Turmush басылмасы дарыяга чөгүп кеткен 13 жаштагы кыз апасы менен бирге таенесинин кыркына баргандыгын тактаган.

Туугандарынын айтымында, 3 өспүрүм кыз Үч-Коргон айыл өкмөтү аркылуу агып өткөн Нарын дарыясынын жээгине барып, таштан ташка секирип ойношкон. Ошол учурда 13 жаштагы Замиранын (аты өзгөртүлдү, Д.З.) буту тайгаланып сууга түшүп кеткен. Анын жанында жүргөн кыздардын бири дагы сууга кулап, бирок чоң ташты кармап калган. Ал күнү 40ка жакын жергиликтүү жашоочу куткаруучулар менен биргеликте Замиранын денесин издешкен. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев менен бирге окуя болгон жерге барып, мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасындагы коңшу Өзбекстандын чек ара бекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Сууга чөгүп кеткен Замира Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү №42 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алган. 2018-2019-окуу жылында турмуш шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп кетишип, окуусун ошол жерден уланткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×