Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 17.06.2019 18:07 На русском

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү — «Бульдозер» жаш кызды ур-токмоктоого шектелип кармалды

Turmush -  Сузакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түштү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 17-май күнү Сузак РИИБге Базар-Коргон районунун 1983-жылы туулган тургуну А.Р. кайрылып, ушул жылдын 1-майында саат 10:30 чамасында 2002-жылы туулган кызын өзүнүн алыс таанышы Анара аттуу тургун шериги менен Кара-Дарыя айылындагы адырга алып барып, эч себепсиз уруп-сабагандыгын айткан.

1

Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну К.О. кармалган. Анын буга чейин 2012-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски мыйзам) 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде соттолгону жана ИИМде каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, каймана аты «Бульдозер» экендиги белгилүү болду.

Учурда бул кылмыш иши боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×