Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 17.06.2019 13:30

Сузакта 1 гектар аянттагы буудай жана куураган чөп өрттөндү

Turmush -  Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ири аянттагы чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айыл аймактын Сасык-Булак тилкесинде болгон. Анын кесепетинен ачык аянттагы 1 гектардагы буудай жана 6 гектардагы куураган чөп күйүп кетти. Райондун Кызыл-Туу айыл аймагынын Таш-Бака тилкесинде дагы 2,5 гектар аянттагы куураган чөп күйгөн. Учурда аталган кырсыктардын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×