Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.06.2019 17:46 На русском

Токтогулда окуучу кыздын телефону чагылган учурунда жарылып, колу жабыркады

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын тургуну М.к.Б. (окуучу) жарылган телефондун кесепетинен оң колунан жабыркап, Үч-Терек жалпы практикалык дарыгерлер борборуна жеткирилген.

Окуя 2019-жылдын 8-июлунда катталган. Аталган күнү катуу жаан жаап, чагылган чартылдаган. Ошол маалда окуучу кыз чалуу келген уюлдук телефонун колуна алганда жарылган.

«Бизге 8-июнда түнкү саат 22:00дөн өткөндө алып келишти. Тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлдү. Оң колунун алаканында жарааты бар экен. Ошондой эле чыканагынын жогору тарабынан бармактын башындай 4-5 так пайда болуп, айланасы кызарып калган.

Кыздын колу 2-3-даражадагы күйүк алган. Алаканынан кирген ток чыканактын жогору тарабынан чыгып кеткен. Чагылгандын учкуну же ток деп так айта албайм. Бирок кыз чагылган болуп жатканда, кубатталып турган уюлдук телефонго чалуу келгенде ала койгон экен. «Денем зырт этип кетти, телефон жарылып калды» деп айтты. Бир күн дарылангандан кийин кыз үйүнө чыгарылды. Себеби, эртеси күнү сынагы бар экен. Саламаттыгы жайында болгондуктан үйдөн дарыланууга жолдомо жазып бердик. Азыр аны айылдык дарыгерлер дарылап жатат», - деп билдиришти ооруканадан.

Өзгөрүш айылындагы дарыгер кыз дарыланып жатканын, абалы жакшы экенин айтты.

Ал эми жергиликтүүлөр жаш кызга чагылгандын учкуну тийген деп божомолдошууда.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефону жарылып, оор абалда ооруканага түшкөн эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×