Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.06.2019 17:27

Базар-Коргондо 19 жаштагы жүргүнчү жигит айдоочуну бычактап өлтүрдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районунда унаага жүргүнчү катары отурган жаран айдоочуну бычактап салды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя 9-июнь күнү Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында орун алган.

«Ал күнү Кызыл-Ай айылынын 22 жаштагы А.Б. аттуу тургуну өзүнүн унаасында бара жатып, Т.Б. аттуу жаранды унаасына салып алган. Жүргүнчү катары унаага отурган адам кызуу абалда болгондуктан, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алып, жүргүнчү айдоочуга бычак шилтеген. Жыйынтыгында унаанын ээси алган жараатынан улам каза болгон», - деп билдиришти жергиликтүүлөр.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы окуя орун алганын тастыктап, кылмыш иши Базар-Коргон РИИБде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүштүк иши башталганын билдиришти.

«Кылмышка шектүү катары Базар-Коргон айылынын 19 жаштагы тургуну Т.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматка караганда айдоочуну 3-4 ирет бычактап жиберген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ал эми Базар-Коргон райондук ооруканасынан бычактан жараат алган жаран ооруканага түшпөгөнүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×