Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.06.2019 09:39

Жалал-Абадда балдар оюндарынын кербени өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Балдар оюндарынын кербени» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чаранын жүрүшүндө жаш жеткинчектерге сахналаштырылган куурчак театры көрсөтүлүп, унутта калып бара жаткан улуттук оюндар ойнотулду.

«Иш-чара «Балага тумар бол» акциясынын алкагында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында уюштурулуп жатат. «Балдар оюндарынын кербени» маданий иш-чарасы 6-июндан тарта өлкөнүн булуң-бурчунда өткөрүлүүдө. Анын жүрүшүндө жаш жеткинчектерге Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын актёрлору ЮНИСЕФ менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыктын алкагында «Туулган күн» аттуу спектаклди көрсөтүп жатышат. Аталган иш-чара 10-июнда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда улантылып, алдыда өлкөнүн башка район жана шаарларын кыдырып чыгабыз. Мындан сырткары ушул эле иш-чарада балдарга чүкө оюндары, жаа атуу, ашкабак чапмай жана башка ушул сыяктуу унутта калып бара жаткан оюндарды ойноттук», - деди маданий иш-чаранын координатору Айжан Абдесова.

Жергиликтүү тургун Фарида Садыкованын айтымында, мындай оюндар балдардын аң сезиминин өсүүсүнө шарт түзөт.

«Балдар үчүн жакшы оюндар уюштурулуптур. Мисалы, ашкабак чапмай, кан таламай, жаа атуу сыяктуу оюндарды ойночубуз. Ал эми азыр балдарды ойнотуунун ордуна тынч отурсун деп колуна телефон кармата салабыз. Анын ордуна мына ушундай оюндарды үйрөтсөк, балдарга пайдалуу болмок», - дейт Ф.Садыкова.

Иш-чара эми Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Баткен облусунда өткөрүлөрү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×