Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.06.2019 12:39

Өзбекстандын жаштары катышкан фестивалда кымыз-брейк уюштурулат

жалал-абад
жалал-абад

Turmush -  Ушул жылдын 20-22-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын жаштарынын катышуусунда «Жаштар үчүн чек ара жок!» аттуу облустук жаштар фестивалы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.

Анын айтымында, андагы фестивалга коңшу өлкөнүн Наманган, Андижан, Фергана облустарынын жаштары келери күтүлүүдө. Андан сырткары, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жаштары да катышат.

Саамалыктын расмий ачылышы алгач Жалал-Абад шаарындагы «Билимкана» мектебинде өтүп, «Искусство аркылуу кызматташуу» аттуу тематикалык көргөзмө менен башталат. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылык жолу сүрөт аркылуу чагылдырылат. Катышуучулар үч топко бөлүнүп, «Жаштар жана миграция», «Жаштар жана туризм», «Жаштар жана билим берүү» темасында маалымат берилет.

Фестивалдын катышуучуларына туризмди даңазалоо үчүн Токтогул районундагы Чычкан капчыгайындагы жайлоодо эки боз үй тигилип, селкинчектер коюлат. Кол өнөрчүлүктүн жана тамак-аштын көргөзмөсү болот.

«Элдер кофе-брейк кылса, биз кымыз-брейк уюштуралы деп жатабыз. Чий сокконду, кийиз жасаганды, өрмөк өргөндү жаштарга көрсөтөбүз. Улуттук ат оюндар боюнча мелдештер өтөт», - дейт Г.Аширова.

Буга чейин Кыргызстандын жаштары Өзбекстанга барып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×