Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.06.2019 12:15

Жалал-Абадда спортто, кызматта ийгилик жараткан милиционерлер сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 10-июнда кызмат ѳтѳѳдѳ ѳзгѳчѳлѳнгѳн бир катар кызматкерлер Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кезектеги атайын чин жана сыйлыктар менен сыйланышып, спортто ийгилик жараткандарга медаль, дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын аймагында кайгуул багытында кызмат ѳтѳп жатып, тейлеген аймагында болгон тоноо фактысы боюнча шектүүнү колго түшүрүп, кылмыштын бетин ачууда ѳздѳрүнүн кесипкѳйлүгүн кѳрсѳтүшкѳн милициянын кайгуул күзѳт кызматынын бир нече кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланышты.

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасында кызмат ѳтѳгѳн жалгыз спортчу кыз — Күмүшай Орозкулова сыйланды. Ал 2-июнда жыйынтыкталган III эл аралык каратэ-до турниринде биринчиликти багындырган. Ага атайын диплом жана кубок берилип, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун бир катар кызматкерлери спортто жетишкен ийгиликтери үчүн дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×