Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.06.2019 18:30

Мигранттар Жалал-Абаддагы психоневрологиялык балдар үйүнө жардам беришти (сүрөт)

Turmush -  Россияда эмгектенген жаштар Жалал-Абад шаарындагы психикалык жактан жабыркаган 110 балага жардам берди. Бул тууралуу демилгечилердин бири Улан Кошматов аймактык кабарчыга билдирди.

3-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы психоневрологиялык балдар үйү-интернатындагы 110 балага Москвада эмгектенген Жалал-Абад облусунун жаштары керектүү буюмдарды алып беришти.

«Ар кандай оорудан төшөктөн тура албай жаткан жана шал оорусунан жабыркаган балдарды көрүп, өкүнбөй койбойсуң. Ушул балдарыбызды карап, тарбия берип келген энелерге ыраазычылык билдиребиз», - деди Улан Кошматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×