Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.06.2019 11:27 На русском

Аксыда катуу шамалдан бак кулап, тургундар жарыксыз калышкан (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Аркыт айылында катуу шамалдан жаңгак багы кулап, электр зымдарын басып калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыгылган бактын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, Аркыт айылынын тургундары электр жарыгысыз калышкан. Жергиликтүү электриктер үзүлгөн зымдарды калыбына келтиришүүдө.

Аркыт айылы Сары-Челек коругунун аймагында жайгашкан. Айылда 200гө жакын түтүн жашайт.

Turmush басылмасы кечээ, 8-июнга караган түнү Аксы районунда катуу шамал болуп, 5 айыл өкмөткө баруучу унаа жолго жаңгак багы кулаганын жазган.

Кулаган бак Авлетим айыл өкмөтүнүн Мукур айылындагы унаа жолду тосуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×