Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.06.2019 15:56

Кара-Көлдө алыш күрөш боюнча эл аралык турнир өтүүдө

Turmush -  Кара-Көл шаарында алыш күрөш боюнча эл аралык турнир өтүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган эл аралык турнир Ооган согушунда курман болгон баатырлар Исмайыл Ажыматов менен Алымбек Каиповдун жаркын элесине арналып, биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Алгач жогоруда аты аталган баатырлардын арбагына багышталып куран окулду. Андан соң турнирдин ачылыш аземи башталып, ага шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле маркум Исмайыл Ажыматов менен Алымбек Каиповдун ата-энеси, бир туугандары, Ооган согушунун ардагерлери катышып, мелдештин ийгиликтүү өтүшүн каалашты.

Турнирге Өзгөрүш, Ноокен, Шамалды-Сай, Жалал-Абад, Кара-Дарыя, Аксы, Үч-терек, Талас, Кочкор-Ата жана Кара-Көл шаарынан 15 жаштан 25 жашка чейинки (6 кг салмактан 75 кг салмакка чейин жана 75 кг салмактан жогору) 20 балбан катышууда. Мелдештин катышуучулары абсалюттук биринчилик боюнча да күч сынашмакчы.

Бул мелдешке жергиликтүү бюджеттен жалпы байге фондусуна 50 миң сом акча каражаты каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×