Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.06.2019 17:38 На русском

Жалал-Абадда аттракциондон кулаган өспүрүм кызга операция жасалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багындагы аттракциондордун биринен кулаган 13 жаштагы кыздын башына операция жасалды. Бул тууралуу облустук биргелешкен ооруканадан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Сузак районунан келген кыз аттракциондон кулаганда эки ирет урунуп, бетонго кулап түшкөн.

«Алгач тийиштүү аракеттер көрүлдү. Рентгенге тартылды, 4 дарыгерден турган топтун көзөмөлүндө болуп, 2-июнга караган күнү башына операция жасалды. Анда башынын оң тарабынан 176 грамм, сол тарабынан 126 грамм уюп калган кан алынды. Кан дароо топтолуп калышы да мүмкүн эмес эле. Азыр оор абалдан чыкты, акыл-эси тунук, сүйлөп жатат. Эртең палатага которулат», - деп билдиришти облустук ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×