Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 07.06.2019 14:40

Сузакта эмгек мигранттар 2 млн сомго аллея, балдар аянтчасын куруп берди. Сүрөт

Turmush -  Сузак районунун Багыш айыл аймагында эс алуу аллеясы жана балдар аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, курулуш үчүн айыл өкмөт жер тилкесин бөлүп берген. Демилгени чет жерде иштеген мигранттардын башы бириккен «Багыш» жаштар коому колдоп, курулушту колго алышкан.

«Өткөн жылдын май айында башталган курулушту быйыл июнь айында бүтүрүп, Орозо айт майрамын утурлай колдонууга бердик. Курулушка жалпы 2 млн сомдой каражат сарпталды. Айыл эли үчүн гүл бакча жана балдар үчүн бассейн, ойноочу аянтча куруп бердик. Ал эми бул жердин штаттык бирдигин дагы коомдун атынан чечтик. Бир кароолчу жана бир багбанга жумуш оруну түзүлдү. Буйруса айыл эли үчүн дагы чоң жумуштарды жасоону пландап жатабыз», - деди «Багыш» жаштар коомунун төрагасынын орун басары Улан Маматов.

Ал «Багыш» жаштар коомунда чет жерде иштеп жүргөн 500гө жакын жаштар мүчө экенин кошумчалады.

Өткөн жылы Нооруз майрамын утурлай аталган коомго мүчө болгон мигранттар айыл жаштары үчүн спорт зал куруп, колдонууга берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×