Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 07.06.2019 11:53

Жалал-Абад—Казарман унаа жолундагы селдин кесепеттери тазаланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Сузак районунда кечээ, 6-июнда жаан жаап, саат 15:00 чамасында Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 63-чакырымында сел жүрдү. ӨКМдин маалыматы боюнча, көлөмү 75 метр куб кум-таш аралаш сел суусу унаа жолду жаап калган.

Бул унаа жолдогу кыймыл Тогуз-Торо районунун акиминин буйругу менен 2018-жылдын 9-октябрынан тартып жабылган болчу. Жолду тазалоого №31 жол тейлөө ишанасынан 1 жүктөгүч чыгып, саат 17:50 чамасында унаа жол толугу менен тазаланып бүттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×