Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.06.2019 09:43 На русском

Базар-Коргондо балык уулап жаткан 14 жаштагы бала дарыяга агып кетти. Видео

Turmush -  Базар-Коргон районунда балык уулап жаткан 14 жаштагы өспүрүм Кара-Үңкүр дарыясына агып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдирди.

Маалыматка караганда, Көк-Тоңду айылынын 2004-жылы туулган тургуну Д.К. 5-июнь күнү саат 14:00 чамасында Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Чат-Көпүрө участкасынан балык уулап жатып, дарыяга агып кеткен. Жергиликтүү тургундар аталган айылдан 12 адам эс алууга барышканын билдиришти.

Ал эми ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн билдиришкендей, өспүрүмдү издөө иштери уланууда.

«Издөө иштери кечээ башталган. Бүгүн, 6-июнда ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн 25 куткаруучу, 35 милиция кызматкери жана 200дөн ашуун айыл тургундары издөө иштерине тартылды», - деди ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы, капитан Ж.Матназаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×