Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.06.2019 14:18 На русском

Кара-Көлдө жаңы окуу жылында мектепке ата-энелерден акча чогултулабы?

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин 30-майда өткөн 28-сессиясында «Жаңы окуу жылына карата мектептердин чарбалык муктаждыктарына ата-энелерден акча чогултулабы же жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөбү?» деген суроонун алкагында талкуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сессияда мектептерге видеокамера орнотуу, мугалимдердин 2017-2018-2019-жылдардагы иш сапарынын чыгымдары республикалык бюджеттен төлөнүп берилбей жатканы, «Коопсуз мектеп» долбоорунун негизинде окуучуларды кабыл алуу электрондук тизменин негизинде болору жана 2020-жылдан баштап окуучунун жашаган жерине карата кабыл алынары боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле учурда элдин саны өсүп, окуучулардын жылдан жылга көбөйүүсү, мектептерде окуу бөлмөлөрүнүн жетишсиздиги, кээ бир класстарда 40-50дөн окуучунун билим алышы, мугалим ошончо окуучуга билим берүүдө аларга жетиштүү убакыт бөлө албай тургандыгы боюнча сөздөр айтылды. Ошондуктан бул багытта кандай иштер жүрүп жаткандыгы, жаңы мектептерди же мектептерге кошумча имараттарды куруу маселелери талкууланды.

Эл өкүлү Т.Каракожоев 1984-жылы курулган №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин №2 окуу имараты толук бүткөрүлбөй тургандыгын, мектептердеги китептердин жетишсиздигин айтып, бул багытта кандай иштер жүрүп жаткандыгын билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиевадан сурады.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы орус тилдүү мектептерде орус тилдүү мугалимдер жетишсиз экенин айтып, бул багытта бир нече иштер аткарылып жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле депутат Т.Каракожоев мектептердеги чарбалык муктаждык маселеси тууралуу айтып жатып: «Мен пол жууган кызматкерлерден сураганымда алар чарба иштерине аз каражат бөлүнөрүн айтышты», - деди.

«Ар бир мектептин чарбалык муктаждыгы бар. Ата-энелерди чарбалык муктаждыкка акча бергиле деп эч ким зордобойт. Ар ким өз каалоосу менен жардам беришет. Чарбалык муктаждыкка жергиликтүү бюджеттен каражат каралышы керек. Башка шаарларда бөлүнөт экен», - деди билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Эл өкүлүнүн сөзүнөн кийин шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Осмонкуловго кайрылып: «Мектептердин чарбалык муктаждыктарына быйыл бюджеттен акча бөлүндүбү? Эгер бөлүнбөсө ата-энелерден чогултулат экен. Каалоочулар чарбалык муктаждыктарга жардам беришет. Бирок алардан талап кылбаш керек. Негизи ата-энелик мүчөлүк акы деген бар. Банктан эсеп ачылып, ошол эсепке ата-энелер акча которо алат. Акчаны жыйнап алат деген мыйзамсыз», - деди.

Ал эми билим берүү бөлүмүнүн башчысы каражат ата-энелерден чогултулуп жатканын айтты.

Төрага каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Осмонкуловдон эмне үчүн шаардык кеңешке мектептердин чарба муктаждыктары боюнча каражат бөлүүнү сунуштабаганын сурады.

Ал эми каржы бөлүмүнүн башчысы: «2013-жылдан баштап окуу чарбасына тиешелүү маселелер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Бул боюнча өкмөттүн токтому бар. Мыйзам боюнча жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Бирок биз силердин чечим менен билим берүү мекемелерине каражат бөлүп жатабыз. Быйыл дагы бөлүндү. Ал каражат жетеби же жетпейби, айтуу кыйын», - деп жооп берди.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына ар бир мектептин чарбалык муктаждыгына кетүүчү каражаттарды эсептеп, тактап билдирүүнү дайындашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×