Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.06.2019 12:39 Жаңыланды: 05.06.2019 16:49 На русском

Аксыда маралдар байырлаган жайлоодон фоторепортаж

Turmush -  Нарындан алынып келген маралдар Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Авлетим токой бөлүмүнө коё берилген. Маралдар байырлаган жайлоо эң кооз жайлоолордун бири.

Авлетим жайлоосунда кызыл китепке кирген ак карагай, Тянь-Шань карагайы, арча сыяктуу ийне жалбырактуу өсүмдүктөр жыш өсөт. Алма, жаңгак, алча, карагат, бөрү карагат, долоно сыяктуу мөмө берүүчү өсүмдүктөр дагы бар. Ошондой эле чөптөрдүн 200дөн ашык түрүн кезиктирүүгө болот. Мындан сырткары бугу, кийик, элик, суур, кашкулак, сүлөөсүн, ак илбирс, аюу сыяктуу жапайы жаныбарлар дагы бар.

Авлетим жайлоосунда жайкысын 50гө чукул малчы жайлайт. Токойдун жалпы аянты 26 миң 568 гектарды түзүп, Авлетим токой бөлүмүндө 7 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×