Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 04.06.2019 17:12

Сузакта 8 жаштагы кызды ток уруп каза тапты

Сузакский район
Сузакский район
// Turmush

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагынын 8 жаштагы тургуну электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу маалыматты милиция кызматынан жана ооруканадан тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсык бүгүн, 4-июнда саат 09:00 чамасында болгон. 3-классты аяктаган И.Р. аттуу кыз кокустан электр тогун кармап алган. Ата-энеси аны ооруканага жеткирген, бирок кеч болуп калган.

«Кичинекей кыз бизге келгенге чейин эле каза болуп калган экен. Милицияга кабар берилди», - деп билдиришти ооруканадан.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын маалыматы боюнча, кыз бүгүн түштөн кийин жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×