Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.06.2019 16:51

Кара-Көлдө эки милиционер сабалды: Мэр ШИИБдин кызматкерлерин сынга алды

Turmush -  Бүгүн, 4-июнда Кара-Көл шаардык мэриясынын коллегиясы өтүп, анда эки милиция кызматкеринин сабалышы боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коллегиянын жүрүшүндө мэр И.Еркеев ШИИБдин башчысы Н.Иманбековго кайрылып, милиция кызматкерлерине эскертүү берүүнү өтүндү.

«Түнкү рейддер жүргүзүлгөндө милиция кызматкерлери формачан жүрүшү зарыл. Жакында эле эки кызматкериңиз жумуштан кийин формасы жок эле эс алып жаткан жарандар менен мушташа кетип, азыр ооруканада жатышат. Ушундай жагымсыз окуялар болбошу үчүн алар формачан жүрүшү керек. Эгерде жумуш убактысынан сырткары эс алышса, башка жарандарга тийишип, күбөлүгүн мыйзамсыз пайдаланбашы керек. Күнөө кызматкерлердин өзүндө болуп жатат. Бул боюнча тиешелүү чара көрүү зарыл.

Аларды сабаган 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр дагы жоопко тартылышы керек. Бул боюнча биз прокурорго кайрылганбыз. Бул жаңжалдын видеосун дагы көрдүм. Анда кызматкерлер соо эмес экени, унаада бөтөлкөлөр жатканы көрүнүп турат. Алардын сабалганы боюнча маалымат тарап кетти. Ошондуктан басма сөз кызматыңар дагы туура маалымат бериши керек эле», - деди шаар башчысы.

Ал эми ШИИБдин башчысы Н.Иманбеков милиционерлер түнкү рейдде формачан жүрүшөрүн белгиледи.

«ОИИБдин билдирүүсүнөн мурун эки кызматкердин сабалганы боюнча маалымат тарап кеткен экен. Ал эми түнкү рейд учурунда биздин кызматкерлер дайыма формачан жүрүшөт. Эки кызматкердин катышуусундагы жаңжал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол учурда алардын мас абалда болгонун айта албайм. Ал экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот. Ал эми видеодо козголгон улутчулдук маселе боюнча УКМК текшерүү жүргүзүүдө. Бул ишке дагы баа берилет», - деди ШИИБдин башчысы.

Калаа башчысы шаардык оорукананын жетекчисинен: «Текшерүү учурунда эки милиция кызматкери соо же мас абалда болгонбу?», деп тактоо иретинде сурады.

Өз кезегинде Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору: «Бир кызматкер соо болчу, экинчисинде спирт ичимдиктин жыты болгон. Бирок анын мас абалда экени көрсөтүлгөн эмес. Бул боюнча анализ алынган, жыйынтыгы чыга элек», - деп жооп берди.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев: «Милиция кызматкери жөнөкөй жарандарга жакшы, сылык мамиле кылышы керек. Ушундай жаңжалдан улам милициянын кабыр-баркына доо кетүүдө», - деди.

Өз кезегинде ШИИБдин башчысы бул иш мыйзам чегинде териштирилип, кызматкерлердин күнөөсү бар болсо, алар жазаланарын кошумчалады.

Буга чейин Кара-Көл шаарында 10 бүтүрүүчүлөрдүн катышуусундагы жаңжалдын кесепетинен эки милиция кызматкери сабалганы маалымдалган (толугу менен бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×