Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.06.2019 14:14

Шамалды-Сайдагы каналдан 2 жашар баланын жансыз денеси табылды

канал
канал

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы Ынтымак каналынан 2 жашар баланын жансыз денеси табылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 3-июнь күнү бала каналдагы сууга түшүп кеткен. Аны эч ким байкабай калган.

«Бизге саат 12:53тө чакыруу келип түштү, куткаруучулар окуя болгон жерге саат 13:50дө барып, саат 14:37де Ынтымак каналынан баланын денесин алып чыгышты. 2017-жылдын 16-майында төрөлгөн Р.Ф. аттуу наристени туугандарына өткөрүп беришти. Жакындарынан окуянын чоо-жайын сураганда, алар саат 11:30дар чамасында бала жоголуп кеткенин, бирок анын үйгө жакын жайгашкан каналга түшүп кеткенин байкабай калганын билдиришкен», - дейт ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык №2 куткаруу отрядынын нөөмөтчүсү Арзымат Жоробеков.

Апрель айынын башында Базар-Коргондун Акман айылында 5 жаштагы Эдилбек дайынсыз жоголуп, анын денеси 1 жумадан кийин көлмөдөн табылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×