Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.06.2019 13:46

Айыл турмушу: Дыйкан Т.Абдуллаев күнөсканадан 1,5 млн сом киреше тапты

Turmush -  Базар-Коргон районунун тургуну Тажимаханбад Абдуллаев 3 жылдан бери күнөскана иштетип, тургундарды иш менен камсыз кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнөскана иштетүү көп каражатты жана физикалык күчтү талап кылат. Аны курууда эң оболу ага ылайыктуу жерди тандоо зарыл.

«Ага күнөстүү жер ыңгайлуу болот. Анын түйшүгүнө туруштук бере алган дыйкан гана киреше табат. Мен жерге жарык түшкөндөн баштап, күн батканга чейин күнөсканада болом. Бир эле учурда помидор, бадыраң, капуста жана дарбыз өстүрөм. Алган түшүмдү дүң баада базарга сатыкка чыгарам. Күнөсканада жергиликтүү тургундар дагы иштешет, аларга кылган ишине жараша акы төлөнөт», - дейт дыйкан.

Анын айтымында, күнөскана куруу иштерине 1,5 млн сомдон ашык каражат жумшаган.

«Күнөскана курууну ойлонуп жаткан жаракндарга бул ишти күз жана жаз мезгилинде баштоону сунуштайт элем. Себеби кышында жашылча өстүрүү көп каражат жана мээнетти талап кылат. Ал эми жайында күнөскананы эс алдыруу кажет. Анткени күн ысык мезгилде анын ичинде бирдей температураны сактап туруу мүмкүн эмес.

Мен күнөскананы жаңы куруп баштаганымда 1,5 миллион сомдон ашуун акча сарптагам. Кетирген чыгымдарым ашыгы менен акталды десем болот. Жылдан жылга тажрыйбам артып, түшүмдү көп алууга аракет жасап жатам. Мен башка дыйкандарга дагы күнөскана иштетүүнү сунаштайт элем. Анткени бул — кирешелүү бизнес», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×