Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.06.2019 09:15 На русском

Бишкек—Ош жолунда бараткан унаа токтоп турган таксини сүзүп, 2 адам жабыркады

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жол кырсык бүгүн, 4-июнда саат 08:00 чамасында Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл шаарына караштуу тилкесинде катталган. Жолдун жээгинде токтоп турган «Ауди» үлгүсүндөгү унааны (такси) Бишкек—Ош багытында бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, аллеяга кирип токтогон. Анын кесепетинен таксиде отурган эки жүргүнчү шаардык ооруканага түшкөн.

Күбөлөрдүн болжолдуу маалыматына караганда, «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу уктап кеткен.

Жол кырсык боюнча ЖККК бөлүмү тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун аймагында катталган жол-транспорт кырсыгынын жаңы жагдайлары белгилүү болду. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, 4-июнда болжол менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 388-чакырымында Сокулук районунун Новопаловка айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Муратбектин башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү авто унаа менен Кара-Көл шаарынын 1950-жылы туулган тургуну И.Маккамбайга таандык «Ауди» авто унаасы кагышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош багытында бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, жолдун карама-каршы тилкесине чыккан. Андан соң, жол жээгинде токтоп турган «Ауди» авто унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен «Ауди» унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчү, тактап айканда Кара-Көл шаарынын тургундары – 1972-жылы туулган К.Максатбек жана анын 2006-жылы туулган уулу А.Бусурман жабыркаган. Алар Кара-Көл шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, айдоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталды. Мындан тышкары өспүрүм Бусурманга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок баланын апасы уулун экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан. Жабырлануучу 7-класста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×