Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.06.2019 20:14

Аксынын спортчулары каратэ-до боюнча өлкө чемпионатында жеңишке жетти

Turmush -  Аксы районунун жаш спортчулары каратэ-до боюнча өткөн республикалык чемпионатта 10 медаль утушту. Бул тууралуу Аксы райондук каратэ-до федерациясынан билдиришти.

Чемпионат 2-июнь күнү Бишкек шаарында өтүп, ага райондун «Кош-Дөбө» командасынан 14 спортчу катышкан. Анын жыйынтыгында спортчулар 2 алтын, 3 күмүш, 5 коло медалга ээ болушту.

Республикалык чемпионат Чүй университетинин негиздөөчүсү С.Мамбеткалиевдин жаркын элесине арналып, жылына 1 жолу өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×