Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.06.2019 17:15

Жалал-Абад ОИИБдин алдыңкы кылмыш иликтөөчү кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБде кызмат ѳтѳѳдѳ ѳзгѳчѳлѳнгөн бир катар кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин криминалисттик-эксперттик кызматы быйыл 95 жылдыгын белгилеп жатат. Бул күндү утурлай Жалал-Абад ОИИБде кызмат ѳтѳѳдѳ ѳзгѳчѳлѳнгөн бир катар кызматкерлер «Кыргыз милициясынын криминалисттик кызматына эмгеги сиңгени үчүн» медалы менен сыйланышты.

«Кылмыш иликтѳѳдѳ бул кызматтын чоң салымы бар экендиги белгиленип, жетекчилик тарабынан куттуктоолор айтылды. Учурда техникалык жактан жабдылган криминалисттик-эксперттик бѳлүмдѳр жана кызматкерлер облустун бардык бөлүмдөрүндө иштеп, 5 ай ичинде 80 жолу ар түрдүү экспертизалар жүргүзүлүп, такшалган кызматкерлер ѳз милдеттерин аткарууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×