Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.06.2019 16:21

Жалал-Абадда мунайбазадагы өрттө күйүк алган жумушчунун абалы кандай?

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «КУА ЖНПЗ» (кыргыз-өзбек-азербайжан) жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу мунайды кайра иштетүүчү заводдо чыккан өрт учурунда денесинен күйүк алган жарандын абалы жакшы. Бул тууралуу облустук ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган заводдо эмгектенген Ж.уулу Б. алоолонгон өрттү өчүрүүгө катышып жатып, денесинен күйүк алган. I-II даражадагы күйүк алган жаран алгач облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы тапта күйүк-жараат бөлүмүндө дарыланууда.

«Бут тарабы көбүрөөк жаракат алгандыктан, бутунун терисине операция жасалган. Учурда анын абалы жакшы. Бир аптадан кийин үйүнө чыгарылат», - деп маалымдашты ооруканадан.

Буга чейин мунай базада чыккан өрттөн улам жалпысынан болжол менен 650 тонна дизелдик отун, 70 тонна бензин күйгөндүгү маалымдалган. Келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 63-64 миллион сомду түзгөн.

Буга чейин өрттүн кесепетинен үч адам ооруканага жеткирилип, анын экөө биринчи жардам алып, үйлөрүнө кетишкени жана Сузак районунун 24 жаштагы тургуну Ж.у.Б.нын абалы оор экендиги маалымдалган болчу.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×