Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.06.2019 15:48

Кара-Көлдө кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2-июнда кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылышка вице-мэр Г.Сатарова катышып, кыз-келиндерге ийгилик каалады.

Мелдеш волейбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча өткөрүлүп, ага 20 жаштан жогорку курактагы кыз-келиндер катышкан.

Волейбол боюнча мелдешке Кетмен-Төбө айылынын, И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын командасы, №718 аскер бөлүктүн, №89 кесиптик лицейдин командалары жана шаар тургундарынан түзүлгөн жалпы 6 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду шаардагы айымдардан куралган «Ынтымак» командасы ээлеп, турнирдин кубогу, диплом, акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орунду Кетмен-Төбө айылы, 3-орунду И.Разаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалы ээлеп, диплом, акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Кыз-келиндер арасындагы стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орунду И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын кызматкери Кымбат Мамытова, 2-орунду Токтогул ГЭСтер Каскаддарынын кызматкери Жылдыз Шарапова ээлеп, сыйланышты.

Байге фонду 19 миң сомду түзүп, иш-чара Энелер күнүнө, Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×