Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.06.2019 11:30 На русском

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 1 адам каза болуп, 4 жүргүнчү жабыркады. Сүрөт

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан улам 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады.

Маалым болгондой, жол кырсык 1-июндан 2-июнга караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 357-чакырымында катталган. Кадамжай районунун 1991-жылы туулган тургуну Ж.К. башкарып бара жаткан «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа бетме-бет кагышкан. Анын кесепетинен «Мерседес Бенц» унаасынын айдоочусу — Ош облусунун Ноокат районунун 1984-жылы туулган тургуну Т.М. Кара-Көл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Ушул эле унаанын 4 жүргүнчүсү жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилди.

Алар:

- 1979- жылы туулган Т.А., Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну;

- 1983-жылы туулган А.А., Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн тургуну;

- 1985-жылы туулган Ш.Т., Ош шаарынын тургуну;

- 1980-жылы туулган Г.С., Бишкек шаарынын тургуну, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×