Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.06.2019 23:32 На русском

Ош—Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 5 жигит жаракат алды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда жол транспорт кырсыгы катталып, 5 адам жаракат алды. Маалым болгондой, жол кырсык 24-майда саат 23:50 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 374-800-чакырымында, тактап айтканда Кара-Көл шаарына караштуу Капчыгай тилкесинде катталган.

Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну К.Ж. башкарып бара жаткан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен Бишкек шаарынан Ош шаарына бара жаткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Экинчи унааны Ноокат районунун Кызыл-Ата айылынын 1989-жылы туулган тургуну М.А. башкарып бара жаткан. Жол кырсыкка «Хонда Степвагон» унаасынын жолдон чыгып кеткендиги себеп болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу К.Ж., ушул эле унаада бара жаткан жүргүнчүлөр — Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну М.Ы., 1987-жылы туулган А.А., 1987-жылы туулган Н.С., ошондой эле «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу М.А. жаракат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×