Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.05.2019 15:26

Ала-Букада «Кыялдар орундалат» акциясында балдарга жардам беришти

Turmush -  Ала-Бука районунда «Кыялдар орундалат» акциясы өтүп, жетим балдарга кийимдер берилди. Бул тууралуу Ала-Бука райондук администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, акциянын алкагында 12 балага жардам көрсөтүлдү.

«Акцияда райондогу 4 мекеме-ишканага үчтөн бала бөлүнүп, алар балдарга кийим-кече жана шириндиктерди белек кылышты. Мындан сырткары жардамга муктаж балдарды эс алуучу жайларга алып барышты», - деп айтылат маалыматта.

Ала-Бука районунда ата-энесинен ажыраган 21 бала бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×